У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Атамбаев: “Камалгандарды бошотуп, Кемпир-Абад боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн жылдыруу эң туура болмок”


Камактагы Алмазбек Атамбаев акыркы окуялар боюнча, атап айтканда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу массалык камоолор тууралуу кайрылуу кылды. 

Ал бул туурасында:

- Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда чек аранын 15% такталып бүтө элек. Президент Жапаровдун бул жерлердин делимитациясын тезирээк бүтүргөнгө умтулганын мен толук түшүнөм.

Бирок чек ара маселеси олуттуу стратегиялык мамилени, иш-аракетте ырааттуулукту, сөздө тең салмактуулукту жана кылдат даярдыкты талап кылат. Шашкан -  шайтандын иши деп элибиз бекер айтпайт.  Бул талаптарга кайдыгер мамиле кылуу эмне менен бүтөөрүн бизге Баткен окуялары ачык көрсөттү. Экинчи эреже: чек ара маселесине элдин басымдуу бөлүгү бийликке ишенгенде гана чекит коюуга болот. Учурдагы кырдаал болсо бир аз башка.

Убагында Өзбекстан менен 1378 чакырымдын 1170 чакырымын же талаштуу тилкелердин 85%ын макулдашканбыз, бирок мунун баары ачык-айкын, эксперттер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү. Азыр болсо келишимге кол коюудан керек болсо ЖКнын тийиштүү комитетинин төрагасы да баш тартты. Бул бир нерсе туура эмес экенин билдирет, демек, биринчи кезекте элдин ишенимин кайтарыш керек. 

Кайчы пикир үчүн куугунтукту токтотуу керек. Укук коргоочуларды, журналисттерди, өзгөчө алардын арасындагы аялдарды камакка алуу - бул абдан уят иш. Мындай кадамдарга эч кандай аргумент калбаганда, бет тырмалык кылып, чындыктан корккондо гана барат. Камалгандарды тез арада бошотуп, алардан кечирим сурап, оппозиция, журналист, активисттерге, жергиликтүү калкка берген кеңештери, накыл кептери үчүн ыракмат айтыш керек.

Бүгүнкү күндө элдин ынтымагы үчүн Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу эң туура болмок. Эл шашпай дагы бир жолу баарын салмактап, тийиштүү документтерди карап, эксперттерди угуп, өз баасын берсин. Президент Мирзиеев да муну туура түшүнөт. Ал акылман адам жана биздин элибиздин чыныгы досу.

Анткени, кеп өлкөдөгү тынчтык жана стабилдүүлүк, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгы жөнүндө болуп жатат! Эң оор, эң курч маселелер жөнүндө - ата-бабаларыбыздан мурас катары калган жер, суу жөнүндө болуп жатат. Бул үчүн алар кан төгүп, жанын беришкен. Биз да балдарыбызга, урпактарыбызга уят болбой, келечекти ойлошубуз керек, - деп билдирди.


Пикир калтыруу
Предлагаю вам новый сервис, с помощью которого можно легко и быстро занять денег через интернет. Довольно удобно и выручает в сложной ситуации, когда нужно срочно занять небольшую сумму. Смотрите тут: займ на карту мгновенно круглосуточно без отказа и проверок и тут: взять займ на карту без отказа срочно на месяц сайт экспресс-микрозайм.рф. Кроме этого вы можете рассмотреть для себя интересные возушные шары с доставкой на сайте купи-шары.рф шары ходячие фигуры. Наодел черный экран, и надпись что ваша копия виндовс не является подлинной? Скачайте активатор windows, он решит проблему активация виндовс 7. Для любителей игр я нашел сайт: 1хбет вход на сайт здесь описано пару слов о том как делают ставки на спорт. Заходите и смотрите про 1хбет, что это и как это работает сказано тут: 1xbet работающее зеркало. И многое другое. Затеяли ремонт в квартире, то и входную дверь нужно поменять. А купить хорошую входную дверь сейчас не просто, поэтому предлагаю вам зайти на специальный сайт и самому посмотреть купить дверь 60. Только тут лучшие двери с установкой и доставкой. Смотрите так же все займы.
Хочу предложить вам получить полис осаго через интернет. купить полис осаго онлайн в рязани
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter