Жакында “Азаттык”, “Клоп”, “Кактус” маалымат каражаттарын жабуу боюнча атайын жалданган адамдар тарабынан митинг өткөн. Андан соң аталган маалымат каражаттарын жабууну президенттен талап кылган айрым коомдук ишмерлердин, саясатчылардын, маданият ишмерлеринин колу коюлган кайрылуу тараган.
Мына ошол кайрылууга кол коюшкан аттуу-баштуу белгилүү адамдарга “Булак kg” журналисттери кайрылышып, эмне себептен кол коюшканын сурашкан.
Натыйжада, айрымдар анын атынан башкалар кол коюп коюшканын айтышса, кээ бирлери кол коюшканын, бирок эмнеге кол коюшканын айтуудан баш тартышкан. Алардын ичинен Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбековдун берген жообу коомчулукта нааразычылык жаратты.
Ал өз сөзүндө: “Жаагыңарды жапкыла, отургула болду да. Кол койсом эмне болуптур? Убагында Азаттыкта иштесем эмне болуптур? Американын акчасын алып, Американын сөзүн сүйлөп, оокатын кылгандарды эмне кыласың?”, - деп орой, маданиятсыз жооп берген.
Мындан улам, сөз баккан, сөз кадырлаган маданият ишмеринин бул кылыгы өтө жийиркеничтүү кабыл алынды. “Казанда эмне болсо, чөмүчкө чыгат” дегендей, дээринде бугуп жаткан ниети ачыкка чыгып, деңгээли чектелүү тура деп баш чайкагандар арбын болду.