У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткен: Митингге чогулгандар төрт чек ара постун кайрадан иштетүүнү талап кылышууда...


 Бүгүн, 27-сентябрда Баткен облустук администрациясынын имаратынын алдында чек арадагы айылдардын эли митингге чогулушту. 
 
Айрым маалыматтар боюнча, акцияга Ак-Сай жана Самаркандек айылдарынын тургундары катышууда. Алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушууну талап кылышууда.
 
Нааразычылык акциясына чыккандардын алдына президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев чыгып, алардын талаптарын уккан. Ал Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Баткенге келип, эл менен жолугуша турганын билдирген.
 
Митингге чогулгандар тажик-кыргыз чек арасындагы акыркы кол коюлган проктолор тууралуу түшүндүрмө берүүсүн жана алынып салынган төрт чек ара постун кайрадан иштетүүнү талап кылышууда. 
 
Ошондой эле, чек ара посттору алынса кооптуу абал жарала турганын, алар тажик тарапка ишенбей турушканын айтышкан. Мындан сырткары, тажиктердин Ворухка кирип-чыкканы көзөмөлгө алынышы керектигин билдиришкен. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter