Депутат чек арада курман болгон аскер кызматкерлерине “Кыргызстандын Баатыры” наамын берүүнү сунуштады
- 21.09.2022, 11:14,
- Башкы / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Депутат Улан Бакасов кыргыз-тажик чек арасында каза болгон аскер кызматкерлерине «Кыргызстандын Баатыры» наамын берүүнү сунуштады.
Ал өз сунушун 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Мекенди коргоп курман болгон аскер кызматкерлерине баатыр наамын берүү чечими туура болот деп ойлойм. Алардын эрдиги, ысымдары эч качан унутулбайт», - деди ал.