У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: Тажик аскерлери каза болгондордун сөөгүн шылдыңдап жатышат


Ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга карабастан, тажик аскерлери чек ара бекеттерине чабуул жасап, алардын инфраструктурасын гана эмес, социалдык объектилерди: мектептерди, бала бакчаларды, соода түйүндөрүн, фельдшердик-акушердик пункттарды, турак-жайларды да талкалашкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
 
«Улутчул багыттагы ураандарды чакырып, алар бекетте каза болгон кыргыз аскерлеринин сөөгүн шылдыңдап, аларды мындан ары пропагандалык максатта колдонуу үчүн сүрөт жана видеого тартып жатышат», - деп айтылат маалыматта.
 
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин айтымында, Тажикстан фактыларды бурмалап, Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүдө.
 
 Акыркы маалыматтар боюнча чек ара чырынан экикыргызстандык жаран каза болгону айтылууда. Каза болгон чек арачылардын саны тууралуу маалымат жок.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter