Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты
- 16.09.2022, 17:53,
- Башкы / Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Самарканд шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.
Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү структураларга атышууну токтотуу жана тартылган каражаттарды жана күчтөрдү артка кайтаруу боюнча тапшырма берүүгө макулдашышты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана ТР мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.
Ошондой эле, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди.