У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


№27 түзөтүү абагында жоокер өзүн атып алды

   
Молдовановка айылында жайгашкан №27 түзөтүү абагында жоокер өзүн атып алган. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
 
«Бүгүн саат 8.30дар чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндө турган катардагы жоокер А.К.С. туруктуу куралдан ок чыгарган”, - деп билдирди мекемеден.
 
Натыйжада ал алган жараатынан улам ошол жерден каза болгон.
 
Аскер прокуратурасы ишти кароодо. Учурда тергөө иштери башталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter