У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кой-Таштагы аскер бөлүктөгү жоокер эмнеден улам өзүн-өзү атканы айтылды...


Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы Ж.Э., аттуу жоокер өзүн-өзү атып алган. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 4-июлга караган түнү саат 02:00 чамасында болгон. 22 жаштагы жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктан улам өзүнө ок чыгарып алганы жана жаракатынан улам көз жумганы айтылды.
Окуя болгон жерде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилиги, Аскердик прокуратуранын кызматкерлери, Аламүдүн райондук милициясынын эксперттери жана аскер бөлүктөрүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат.

Бирок жоокердин туугандары мындай версияга макул эмес. Өзүн маркумдун таежеси деп тааныштырган Индира Рысалиева жоокер эч нерсеге даттанбаганын, болгону, бир номурга бирдик жүктөп коюуну дайыма суранып турганын, ал өзүн өзү атып алды деген версияга макул эмес экенин айтты.

Ал бул туурасында 4-июлга караган түнү саат 12лерде бала апасы менен телефон аркылуу “жакшынакай сүйлөшкөнүн” айткан Рысалиева каргашалуу окуя ошондон эки саат өтүп катталганын билдирди:

“Мен коркуп кире алган жокмун. Инилерим кирди. Ээгинде бир октун жана чекесинде бир октун изи бар экен дешти. Башында артынан чыккан октор бар экен, төбөсүнөн жана капталыраак жеринен. Демек, эки ок ошого эле тийген. Эки гильза жөн жаткан жок да ал жерде. Кокустуктан ок чыгарып алган деп жатышыптыр. Бир атса, мейли, ишенесиң. А экинчи жолу атты дегенге кантип ишенесиң? Мен ишенбейм”, -деп билдирди.

Жоокер аскерге быйыл 21-майда барган. Ал 7-июлда үйүнө барып келүүнү пландап жатканы айтылды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter