У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Султанов, адвокат: "13 жашар кызды зордуктоого шектүүлөр күнөөсүн мойнуна албай жатат"


Свердлов райондук сотунда эки милиция кызматкери тарабынан зордукталган 13 жаштагы кыздын иши боюнча сот отуруму уланып жатат.

Сот процессин чагылдыруу жана мониторинг кылуу үчүн келген ЖМКны, Акыйкатчы институтунун аппаратынын кызматкерин жана балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл сот отурумуна киргизилген жок.

Сот процессине үч айыпталуучу алып келинди — алардын экөө милиционер, үчүнчүсү — «Дордой» базарынын кароолчусу. Алардан тышкары сотто күбөлөр да суралды. Күбөлөрдүн бири кулакчынды уурдады деп билдирген «Дордой» базарындагы дүкөндүн эсси болду.

Зомбулук көргөн кыздын кызыкчылыктарын коргоп жаткан адвокат Тимур Султанов судья күбөлөрдүн бири келбегендиктен 13-июлга чейин тыныгуу жарыялаганын айтып берди.

Бул туурасында ал: «Бүгүнкү күнгө бул ишке байланыштуу үч күбө суралды. Эми дагы бир күбө суракка алынат, андан кийин сот айыпталуучуларды суракка алат, кийин жарыш сөзгө өтөт. Андан ары акыркы сөздү айтылат, өкүмдүн узугулушуна чейин жетебиз деген үмүт бар», — деп белгиледи.

Жактоочу айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна албай жатышканын билдирди. Ошондой эле ал айыпталуучу тараптын жактоочулары соттон шектүүлөрдүн биринин сүрөтүн соцтүйүндөргө таратып жибергендерге карата кылмыш ишин козгоо боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берүүсүн өтүнгөнүн кошумчалады.

«Сот андай ыйгарым укугу жоктугуна байланыштуу алардын өтүнмөсүн канааттандыруудан баш тарты», — деп билдирди адвокат .

Булак: "Клоп азия"


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter