У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан быйыл тыштан 1 миллиард 247 миллион доллар карыз алат...


Өкмөт орусиялык ири банктан жер семирткич, үрөн жана битум сатып алуу үчүн 500 миллион доллар насыя алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, сатып алуулар кышында эле ишке ашат.  

Дал ушул насыя маселесине байланыштуу саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн фейсбук баракчасына: “Биздин өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүүнү көздөп жатат”,  - деп коӊгуроо какты. Ошондой эле, кайсы жактан канча млн. доллар насыя алып жатканыбызды санап чыгарды. 

Тактап айтканда: «$ 12,5 млн от АБР; $ 500 млн от Российских банков; $ 160 млн от ЕФСР; $ 50 млн от Американской компании; $ 150 млн от ВБ; $ 242 млн от МВФ; $ 33 млн от ЕБРР;  $ 100 млн от МАР», - деп жазды.

Ошондо Кыргызстан тыштан жалпы 1 миллиард 247 миллион 500 миң доллар карыз алып жатканын, бул суммалардын айрымдары келип түшсө, айрымдарын бийликтегилер жакынкы аралыкта алууну пландап жатышканын билдирди. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter