У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Саруу айылында мугалимди сабаган 10-класстын беш окуучусу кармалды


Ысык-Көл облусунда мугалимди топтошуп алып сабап кетти деп шектелип жаткан беш бала кармалды. Облустук Ички иштер башкармалыгы билдиргендей 29-июнда окуя 19-июнга караган түнү Жети-Өгүз районунун Саруу айылында болгон.

Райондук милицияга Жети-Өгүз райондук ооруканасынын “Тез жардам” бөлүмүнөн денесинен жаракат алып кайрылган адам тууралуу маалымат түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу ооруканага барганда Саруу айылынын 25 жаштагы тургуну аны айылдын орто мектебинин окуучулуры сабап кетишкенин айтып берген. Бейтап хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Факт боюнча кылмыш иши Жети-Өгүз райондук милициясында “Кылмыш-жаза кодексинин” 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде козголгон.

Райондук милициянын басма сөз кызматы кылмышка шектүү катары Саруу айылынын 2005-жылы туулган беш тургуну аныкталып, кармалганын билдирди.

Мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, физика мугалими Уланычбек Орозобеков сабалганын “Азаттыкка” анын эжеси Айнагүл Арпачиева кабарлаган. Ал “10-классты жаңы аяктаган беш окуучу инимди уктап жаткан жеринен чакырып, арматура менен башка-көзгө койгулап сабап кетишти. Бул окуя көмүскөдө калбашы керек. Окуучулар атайын даярданып келишкен” деп билдирген.

Билим берүү жана илим министрлиги окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter