Сот А. Атамбаев, К. Сагымбаев, К.Асановду актады, Фарид Ниязов сот залынан үйүнө чыкты
- 28.06.2022, 19:12,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады. Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарды. Калгандардын бөгөт чарасы соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды.
Мунун алдында мамлекеттик айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сураган. Мындан сырткары айыпталып жаткандардын бардыгын күнөөлүү деп таап, жети жылдан тогуз жылга чейин камоону соттон өтүнгөн. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 374-беренеси (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча айыпталаган болчу.
Октябрь окуясына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.
2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган. Айыпталуучулар Октябрь окуясы боюнча кылмыш ишинде саясий өңүт бар экенин айтып келишет.