У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров мамлекетти, элди тоноп-уурдагандардын байлыгын мыйзамдаштырып бергени жатат…


Жакында Акылбек Жапаров Жогорку Кеңешке "Капиталды актоо/капиталга мунапыс" (легализация/амнистия) мыйзамынын долбоорун алып барат. Жана аны кабыл алдырууга баардык күчүн жумшайт. Аны ачык эле айтып жатат. 

Капиталды актоо дегендин өзү эмне? Бул уурдалган жана жашырылган акчаларды ачыка чыгаруу. Акылбек Жапаров мындай жол менен көмүскөдөгү акчаларды ортого чыгарып, ачык түрдө иштетем деп жатат. Ошондо салыктардын төлөмү көбөйүп, казынабыз толот делүүдө. Мындай карап келсең, айла жоктон бара турган туура чечим катары көрүнөт. 

Эми мыйзамдын долбоорун карап көрсөк: 
- Акчасын жана мүлкүн декларациясында көрсөтүп койсо эле эч бир жаза дагы албайт жана салык дагы төлөбөйт экен. 
Сен мамлекетти, элди каалашыңча тоно, салыктарды төлөбө, анан капиталды актоо аркылуу уурдалган байлыгыңды мыйзамдаштырып ал дегендик. Бул деген ачыктан ачык кылмышка жол ачуу, кылмышты мыйзамдаштыруу. 

Мындай Капитал мунапысы Кыргызстанда буга чейин 5 жолу жарыяланган. Жалаң өздөрү, уурулар үчүн жазылган. Мамлекет ошол мунапыстардан кымындай дагы пайда көргөн жок. Жаңылышпасам, ошол мунапыстардан экөө так ушул Акылбек Жапаров Финансы министри болуп турганда өткөрүлдү эле. Демек, мамлекетти жана казынаны ойлоп жатам дегени жалган. Болгону бийликтегилердин кызыкчылыгын ойлоп жатат. 

Айырмасын көрсөтүп берейин: Азыр салык төлөбөйсүң деп, элге абдан катуу жазаларды колдонуп жатышат. Баардыгын төлөгөндөй кылабыз деп, ККАларды дагы киргизишти. Эми ошол эле маалда, буга чейин төлөбөй келгендерди кечиребиз дешүүдө. Муну кандай түшүнсө болот? 

Андай акчаларды актай турган болушса, салыгын төлөтүшсүн. Мамлекеттик кызматтарда бүгүн кана эмес, мурда иштегендерге дагы бул мыйзамда жол берилбесин. Мына ошондо акыйкат болот. 

Болбосо, "Капиталды мыйзамдаштыруу" (Амнистия/легализация капитала) деген мыйзам аркылуу уурдап-кымтыгандын баарын адалдаштырып алышат. Ансыз деле элге байкатпай Жаза кодексинен "Мыйзамсыз байуу" беренесин алып салышты. 

Андан ары мамлекетти тоногон бир дагы алдым-жуттумга сөз сүйлөй албай каласыңар. Мыйзамдуу бай болуп калат. Бул мыйзам кимдин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынарын баарыңар эле сонун түшүнөсүңөр. 

Автор Эдил Марлис уулу. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter