У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ата-энеси миграцияда жүргөн окуучулардын тартиби үчүн туугандары жооп берет


Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү талкуулашты.
 
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Мирлан Самойкожо мугалимдерди сыйлабаган окуучуларды жана алардын ата-энелерин жоопкерчиликке тартууну сунуштоодо. Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоору мугалимдердин укугун коргоо максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбооруна ылайык, мугалимди сыйлабагандыгы үчүн окуучунун жашына жараша 2000 сомдон 3000 сомго чейин айыппул салынат. Мындай көрүнүш бир жыл ичинде кайталанса айып 5 миңге чейин көтөрүлөт же үч күндөн беш суткага чейин камакка алуу сунушталууда.
 
Депутат Мирлан Самойкожо айыппул балдардын өзүнө эмес, ата-энелерине салына турганын айтты.
 
«Эгер баланын ата-энеси миграцияда болсо, ал туугандарынын үйүндө жашаса, анда тууганы жоопко тартылат. Окуучу менен мугалимдин ортосундагы мамилени караган мыйзам, эрежелер бар”, - дейт Мирлан Самойкожо.
 
Мыйзам долбоорунун дагы бир автору, депутат Аманкан Кенжебаев эл өкүлдөрү мындай түзөтүүлөр менен акча табуу эмес, балдарды кичине болсо да жоопкерчиликке тартууну көздөп жатканын түшүндүрдү.
 
«Эмнесин жашырыш керек, эрке өскөн балдарыбыз бар. Байлардын, бизнесмендердин балдары бар. Алар туура эмес тарбияланып жатат. Баланы ата-эне тарбиялаш керек, мугалимдер билим бериши керек. Бул мыйзам долбоору менен ата-энелерге балдарды кантип тарбиялоону үйрөткүбүз келет”, - дейт Аманкан Кенжебаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter