У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Унааларга милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу боюнча мыйзам долбоору даярдалат

 
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине республикада катталган автоунааларды милдеттүү түрдө видеокаттоо (видеорегистратор) системасын орнотуу каралган мыйзам долбоорун даярдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, автоунааларды видеорегистраторлор менен камсыздоо жол кыймылынын катышуучуларынын арасында тартипти чыңдоого салым кошуп, коомдук коопсуздукту чыңдайт.
 
«Видокатоолордон алынган жазуулар жол кырсыктарын талдоодо талаштуу кырдаалдарда маанилүү курал болуп калат. Бул норманы 2025-жылы киргизүү сунушталып жатат, бул унаа ээлерине ушул мезгилге чейин видеокаттоо сатып алуу үчүн бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет ", - деп билдирди министрлер кабинети.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter