У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абдил Сегизбаев үй камагына чыкты


Абдил Сегизбаевдин үй камагына чыкты.
 
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев үй камагына чыгарылды.

 Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-апрелде Абдил Сегизбаевди күнөөлүү деп таап, 4 000 000 сом айып салды.
 
Анын баш коргоо чарасы соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эч жакка кетпөө тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлдү. Сегизбаев сот залында камактан бошотулду.
 
Сегизбаев 2021-жылдын 25-январында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалган. 
 
Белгилей кетсек, буга чейин Абдил Сегизбаев онкологиялык оору менен ооруп жатканы, ал дарылануу муктаж экени айтылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter