У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жеңиш Бексултанов: Окуу жайга асынып алган мугалимдин диплому боюнча расмий кайрылуу түшкө элек


Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кочкор районунда асынып алган башталгыч класстын мугалими Гүлзадат Чодонованын диплому боюнча расмий кайрылуу түшө элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов билдирди.
 
Анын айтымында, университеттин өзү да текшерүү демилгесин көтөргөн эмес. 
 
«Чынын айтсам, мугалимдин атын билбейм. Бизде 18 структура жана ар кандай багыттар бар. Эгер расмий кайрылуу түшсө, албетте, тактап, жообун беребиз», - деди Жеңиш Бексултанов.
 
Эске салсак, Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында 54 жаштагы башталгыч класстын мугалими Гүлзадат Чодонова асынып алган. Анын өз өмүрүнө сал салуусуна жогорку билими тууралуу жасалма диплом себеп болгон. Ал 2002-2008-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде сырттан окуганы айтылган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter