УКМК: “Майнинг-фермалардын” мыйзамсыз иштери аныкталды
- 15.03.2022, 15:06,
- Башкы / Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
КР УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан “майнинг-фермаларды” аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, 1997-жылы туулган КР жараны Х.Р.Р. тарабынан “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуу жолу менен “майнинг-фермаларды” түзүп, “криптовалюта” алуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттери уюштурулганы аныкталган. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 3-мартында Бишкек ш. Токтоналиев көч. дарегинде жайгашкан “Тихий-Замок” мейманканасынын жертөлөсүндө “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулган 150дөн ашык техникасы бар “криптовалюта” өндүрүү үчүн жабдылган майнинг-ферма табылды.
Белгилей кетсек, өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен «Улуттук электр холдинг компаниясы» ААК тарабынан “майнинг” өндүрүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган, бул аталган “майнинг-ферманын” мыйзамсыз иштешин көрсөтүп турат.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.