У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК жасалма диплом берген жогорку окуу жайлардын тизмесин жарыялады

   
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жасалма диплом берген жогорку окуу жайлардын тизмесин жарыялады. УКМКнын басма сөз борбору билдиргендей, учурда төмөнкү окуу жайлары тарабынан жасалма диплом берүү фактылары текшерилүүдө.

 
  • - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик/Улуттук университети – 28;
  • - К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) - 11;
  • - Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДжСА) - 5;
  • - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) - 5;
  • - Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТжАУ). - 3;
  • - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) - 2;
  • - Финансы-экономикалык академиясы - 1;
  • - Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы - 2;
  • - К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети - 1;
  • - “Дастан” технологиялык университети - 1; 
  • - Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин алдындагы Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту - 1; 
  • - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) - 1; 
  • - Бишкек технологиялык колледжи - 1;
  • - Бишкек финансы-экономикалык техникуму - 1; 
  • - Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)- 2;
  • - Ош технологиялык университети - 1;
  • - Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) – 4;
  • - К.Батыров атындагы элдердин достугу университети - 2;
  • - Чуй Университети - 1;
  • - Токмок индустриалдык-педагогикалык техникуму - 1;
  • - К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети - 3;
  • - Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы - 1;
  • - Балыкчы социалдык-экономикалык институту - 1;
  • - Ысык-Көлдөгү бухгалтердик эсеп мектеби - 1; 
  • - Талас мамлекеттик университети - 1;
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жогорку билими тууралуу мыйзамсыз алынган документтерди даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келе турганын жана мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлеп алуусунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруларын эскертет.
 
Буга байланыштуу УКМК жогорку билими тууралуу жасалма документтерди колдонгон же алардын аныктыгынан күмөн санаган адамдарга улуттук коопсуздук органдарына өз ыктыяры менен кайрылууга чакырат.
 
Бул адамдарга анонимдүүлүк жана кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотуу кепилденет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter