У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Путин Украинага ыктыярчыларды тартуу идеясын колдоду


 Россиянын президенти Владимир Путин Украинага ыктыярчыларды тартуу идеясына макул болду. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен видеоконференция аркылуу өткөн ыкчам жыйында билдиргенин Кремль жазды.
 
«Украинанын батыштык демөөрчүлөрү дүйнөнүн төрт бурчунан жалданма аскерлерди чогултуп, Украинага жөнөтүп жатканын алар жашырышпайт, украин режими муну жашырбайт. Эл аралык укуктун бардык нормаларын тоготпой ачык эле жасап жатышат. Донбасста жашагандарга акча үчүн эмес, ыктыярдуу түрдө жардам берүүнү каалагандар болсо шарт түзүп беришибиз керек», - деди Путин.
 
Эске салсак, буга чейин  Коргоо министри Сергей Шойгу ар кайсы өлкөлөрдөн Луганск жана Донецк Элдик республикаларына боштондук кыймылы деп эсептеген кыймылга катышууну каалаган ар кандай ыктыярчылардан көп сандагы арыздар түшүп жатканын билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter