У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мадумаровдун кол тийбестигин алуу маселесин караган депутаттык комиссия чечим чыгарды


9-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү маалымат каражаттарына билдирди
 
Маалыматка ылайык, Мадумаровдун ишин караган комиссиянын алдын ала корутундусу даяр. Жогорку Кеңешке башкы прокурордун сунушуна макулдук берүүдөн баш тартуу сунушталат. Комиссиянын корутундусу парламенттин жыйынына чыгарылат.
 
Жалпысынан комиссиянын 5 отуруму болуп, анда Башкы прокуратурадан бир катар документтер талап кылынган.
 
Комиссиянын курамына:
 
- "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан - Айбек Осмонов (комиссиянын төрагасы),
 
- "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан - Исхак Масалиев,
 
- "Ынтымак" фракциясынан - Мурадил Сыдыков,
 
- "Ишеним" фракциясынан - Бахридин Шабазов,
 
- "Ыйман Нуру" фракциясынан - Динара Ашимова,
 
- "Элдик" депутаттык тобунан - Аманкан Кенжебаев.
 
10-февралда Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча парламентке сунуш жөнөткөн.
 
10-февралда Жогорку Кеңеште депутат Мадумаровдун кол тийбестигин алуу боюнча башкы прокурордун сунушун иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн.
 
11-февралда Мадумаров ага “мамлекетке чыккынчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter