У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россияда кыргыз мигранттарын аскерге чакырып жатабы?..


 Россия Борбор Азиядан келген мигранттарды орус армиясына кызмат кылууга тартуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоочу Валентина Чупик билдирди.
 
Анын айтымында, бир катар шаарларда Россия жарандыгын же жашап турууга уруксат алган мигранттар аскер комиссариатына чакырылган.
 
«Мага Россиянын жарандыгын алган кыргызстандык мигранттар Тюмень, Москва жана Санкт-Петербургдан кайрылышты. Аларды аскер комиссариатына чакыруу кагазы менен окууга чакырып, ал жактан белгисиз адамдар контракттык кызматка жазылууну талап кылып, болбосо жарандыктан чыгарабыз деп коркутушкан. Санкт-Петербургда бир мигрант кол коюп, бирок дароо Кыргызстанга кетип калган. Башкалары кол койгон жок. Мен дагы аларга Кыргызстанга кетүүгө кеңеш бердим», - деди Валентина Чупик.
 
Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 24.kg агенттигине билдиргендей, азырынча мекендештерден орус армиясына чакыруу боюнча кайрылуулар түшө элек.
 
Россиянын жарандын алган кыргызстандыктарды аскер кызматына чакыруу тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар да тастыкташты. 
 
«Азырынча бизде аскерге чакыруу тууралуу маалымат жок. Бул жакта баары тынч, жумуштар мурдагыдай эле, иштеп жатабыз. Аскерге чакыруу тууралуу  сөз да болгон жок»,-деп билдирди Нурбек Дилдебаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter