У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан Ворухка жол курууга даяр экенин айтты…


 Тажикстандын транспорт министри Хожа Аъло-Ворух жолун курууга толук даяр экенин билдирди. Бул тууралуу «Озоди» жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, Тажикстандын транспорт министри Азим Ибрагим 17-февралда Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында анын орун басары Хожа Алъо – Ворух жолу курула турган жерге барганын, ал жерде Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн маалымдады.  
 
Ошондой эле ал кол коюлган протоколго байланыштуу жолду куруу кийинкиге калтырылганын кошумчалады.
 
"Биз өкмөт аралык комиссиянын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Комиссиянын чечими чыкса эле биз, биздин топографиялык жана сүрөткө түшүрүүгө, жол куруу иштерин жүргүзүүгө даярбыз", — деди министр.
 
Өткөн жылдын 1-2-майында Баткенде Тажикстан менен Кыргызстандын делегациялары жолугушуп, Хожа Алъо-Ворух автожолунун курулушун талкуулашканын Тажикстан тарап расмий кабарлаган. Ошол учурда кол коюлган №39 протоколдун негизинде автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.
 
Эки өлкөнүн делегацияларынын расмий билдирүүсүнө ылайык, Тажикстан бул жолду «өлкөнүн жарандарынын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрүн тоскоолдуксуз өткөрүү максатында» пайдаланып, кармап турат.
 
Жогорку Кеӊештин депутаттары 2-февралда Тажикстан менен болгон чек ара маселесин, анын ичинде Ворухка барчу жолдогу ушул эле протоколду жабык эшик артында талкуулашты. Парламенттик жыйындан кийин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып документ үч пункттан туруп, «Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштелип чыккан» деп билдирген жана кыргыз айылдары эч кандай анклавта калбай турганын фейсбуктагы баракчасына жазган. 
 
Бирок Лейлек районунун чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары жана айрым эксперттер бул жол курулса, Лейлек району анклавта каларын, жолду куруу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келерин айтышууда. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter