У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурдагы депутат Алиярбек Абжалиев алдамчылыкка шектелип кармалды


 Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылыкка шектелип кармалганын 11-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Атайын кызматтын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып ири алдамчылык фактылары тууралуу маалымат алышкан.
 
УКМКга кайрылган ишкер 2 миллион доллар өлчөмүндө зыян тартканын билдирген. Ал өз арызында алдамчылыкка Жогорку Кеӊештин депутаты болгон А.А.ны айыптаган.
 
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен КЖБРине катталды.
 
Шектүү кармалып, 10-февралда Биринчи Май райондук соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 
Алдамчылыкка шектелген А. А ЖКнын мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев экени айтылууда. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter