У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бирөөнүн 135 миӊ долларын алдап алып алган милиция кызматкери кармалды

 
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын издөөдө жүргөн кызматкери С.Р. кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Буга чейин О.А аттуу жаран УКМКга кайрылып, милиция кызматкери кызмат абалынан пайдаланып, аны алдап, 135 миң долларын алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей койгонун билдирип, арыз жазган.
 
Факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункту ("Кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
 
Шектүүгө издөө жарыяланып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы (сыртынан) тандалган.
 
«12-декабрда издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй айылында жайгашкан дачанын биринде жүргөн жери аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
 
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
 
Мамкомитет С.Р.нын аракеттеринен жапа чеккендердин бардыгына (0312) 66-04-75, WhatsApp-номерлери (0702) 23-32-43 аркылуу байланышууну өтүнөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter