У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Надира Нарматова бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын берүүнү сунуштады


 Бүгүн парламенттин жыйынында эл депутаты Надира Нарматова чет элдик агенттер боюнча мыйзам кабыл алуу зарылдыгын билдирди.
 
Анын айтымында, бешинчи чакырылыштын депутаттары мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алып, бирок процедураны аягына чыгарууга үлгүрүшкөн жок.
 
«Ушул мыйзамды көтөрүп, комитетте экинчи окууда кайра карап чыгуу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранам. Эгерде өлкөнүн тынчтыгына кызыкдар болгондор болсо, анда алар бул документти аягына чыгарууга катышса болот. Биз аларга чет элдик агент статусун бермейинче, республикада тынчтык болбойт. Чет өлкөдөн каржыланган бир нече бейөкмөт уюмдар бийликти аңдып жүрүшөт, алар өздөрү бийликке келүүнү каалап жатышат», - дейт Надира Нарматова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter