У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеӊеште дин таануу жана адеп сабагын мектепте окутуу кайра көтөрүлдү


Парламентте дин таануу жана адеп сабагын мектеп программасына киргизүү кайрадан талкууланды. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев билдирди.
 
Анын айтымында, балдарга туура тарбия берүү үчүн тийиштүү сабактарды киргизүү зарыл.
 
«Дин таануу сабактарын көптөн бери айтып келебиз. Сектептерге бул сабактарды киргизүүгө убакыт келди. Бизге да адеп сабагы керек”, - дейт эл өкүлү.
 
Мындан тышкары, тойлорду жана башка иш-чараларды кыскартуу боюнча чараларды көрүүнү сунуштады. 
 
«Ашычка чыгымдар өтө көп», - деп кошумчалады Жалолидин Нурбаев.
 
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Нуржигит Кадырбеков коррупция менен күрөшүү үчүн мектептерге адеп-ахлак сабагын киргизүүнү сунуштаган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter