У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек ара кызматы: Тажик тарап миномётторду жана гранатометторду колдонууда…


 27-январь саат 20:30га карата чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду.
 
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагындагы такталган маалыматтар боюнча 27-январь саат 19:30га карата Тажикстандын жарандары тарабынан тосулган тилкеси ачылды. 
 
Бирок, КР Чек ара кызматы белгилегендей, саат 19:35 чамасында Баткен районунун Чыр-Дөбө тилкесинде Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүндө тажик тарап курал колдонуп жана ок чыгаргандыктан кырдаал курчуп кеткен.
 
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин бөлүктөрү ортосундагы негизги атышуулар Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында болуп жатат. Тажик тарап миномётторду жана гранатометторду колдонууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter