У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Швециядан уурдалган автоунаалар Бишкектен табылды


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин улуттук «Интерпол» борбору тарабынан эл аралык «Интерпол» уюму издөө жарыялаган автоунаалар табылды. Министрликтин маалыматы боюнча, бир нече автоунаа Кыргызстандын аймагына Евро биримдиктеги өлкөлөрдөн алынып келген.
 
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарындагы автосалондордун биринде тинтүү учурунда КР ИИМдин Тергөө кызматынын жана ИИМдин Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарында 18 унаа айып жайга коюлган, анын ичинен 5 премиум класстагы унаа 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалган.
 
Учурда унаа уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Интерпол тарабынан издөөгө алынган башка унаалар да изделүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter