У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан: «Кыргызстан Баткенге суу сактагыч кургусу келсе биздин кызыкчылыгыбызды эске алышы керек»


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевдин Баткен районундагы Козу-Баглан дарыясына суу сактагыч куруу боюнча билдирүүсүнө Согди облусунун мелиорация жана сугат департаментинин директорунун орун басары Халим Ходжиев комментарий берди. 
 
Ал «Азия-Плюс» порталына берген билдирүүсүндө чек ара аймактарында суу сактагыч куруу маселеси мамлекеттер аралык келишимин деңгээлинде чечилиши керектигин айтты. 
 
«Кыргыз тарап Козу-Баглан дарыясынын башатына суу сактагыч куруу маселесин биринчи жолу көтөрүп жаткан жок. Бирок сүйлөшүүлөр улантылууда: же биз чогуу курабыз, же бул сүйлөшүүлөр кандай бүтөрү белгисиз. Чек ара аймактарында суу сактагычтын курулушу мамлекеттер аралык макулдашуунун деңгээлинде чечилиши керек. Келишимдерге ылайык, Кыргызстан суу сактагыч кургусу келсе, биз менен макулдашып, биздин кызыкчылыгыбызды эске алышы керек», - деди ал.
 
Ходжиев белгилегендей, учурда тараптар Козу-Багландан келген сууну биргелешип колдонуп жатышат.
 
«Азыр Тажикстан бул дарыядан секундасына 600 литр ичүүчү суу алат. Ошондой эле ичүүчү суу Ходжент жана Бустон шаарларынын, Бободжонгафуров районунун Хистеварз жамаатынын жана Жабборрасулов районунун Тажикобод жамаатынын тургундарына берилет. Ошондой эле, Овчи-Калач жамаатындагы 9 миң гектар жер Ходжабокиргон дарыясынан сугарылат», - деп кошумчалады Ходжиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter