У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 2,4 пайызга өстү


 Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 103,3 миң адамды түздү. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирет.
 
Булар иш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуз калктын арасынан чыккан жарандар экени такталды. Маалыматтар 2021-жылдын 1-декабрына карата алынган.
 
Бул 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу 2,4 пайызга көп.
 
Катталган 103,3 миң жумушсуздун 45,6 пайызын аялдар түзөт. Жумушсуздардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда – 22 миң 626 адам, Ош облусунда – 19 миң 991, Баткен облусунда-10 миң 313 адам түзөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter