У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бактыбек Калмаматов камакка алынды


 Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Калмаматовдун өкүлү Айым Камчыбекова билдирди.
 
Анын айтымында, Бактыбек Калмаматов аймактар аралык кастыкты козуткан деп шектелүүдө. 
 
«Бактыбек Калмаматов баш коргоо чарасы тандалганга чейин эки суткага УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деди Айым Камчыбекова.
 
Эскерте кетсек, Бактыбек Калмаматов кечээ кечинде "Манас" аэропортунан кармалып, УКМКга жеткирилген. Ал кичи ажылыкка бара жаткан.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter