У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аскар Акаев: Жапаров менен Ташиевге ыраазымын…


Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Бул тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев “МК” басылмасына берген интервьюнда билдирди.
 
«Мен 2021-жылы эки жолу мекениме бардым. Жайында бир жума, декабрда бир жумага барып, күн сайын эртеден кечке чейин укук коргоо органдары менен абдан тыгыз иштештим. Азыр үйүмдөмүн, мага карата эч кандай дооматтар жок, бардык иштер жабылды деп айта алам. Эми мен Кыргызстандын башка жараны сыяктуу эле Кыргызстанга каалаган убакта бара алам», - деди Аскар Акаев.
 
Анын айтымында, буга азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун салымы чоң. Ал экс-президентке жеке телефон чалып, Кыргызстанда 16 жылдан бери ага байланыштуу көптөгөн ар кандай иштер топтолгондугун, алардын көбү акылга сыйбаган иш экенин, бирок аларды жабуу үчүн түшүндүрмө, жооптор керектигин айтты.
 
«Анын чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алдым. Андан сырткары УКМКнын башчысы, генерал Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын бардык кол алдындагылары мага абдан жакшы мамиле кылышты. Алар мыйзамга ылайык иш кылышса да, абдан боорукер болушту. Эч кандай шек болгон жок, анткени менин сапарым тууралуу маселе Орусия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган. Мен Владимир Владимировичке Россия Федерациясында мага ушунчалык меймандос мамиле кылгандыгы үчүн чексиз ыраазымын. Мен бул жерде 16 жылдан бери иштеп келем, менин үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлдү», - деди ал.
 
Ошондой эле ал «Кумтөр» иши боюнча күбө катары да, айыпталуучу катары да катышканын билдирди.
 
«Бишкекте мага берилген суроолордун көбү дал ушул Кумтөргө байланыштуу болду. Анткени, мен бул ишкана тууралуу эң көп билем, инвесторду 1990-жылдардын башында тапкан мен элем. Алар алгач жакшы иштешти. 1990-жылдары бийик тоолордун жана түбөлүк тоңдун шартында рекорддук мөөнөттө, үч жылдын ичинде Борбордук Азиядагы эң ири алтын казуучу ишкана курулган. Биринчи алтын 1997-жылы алынган. Бирок, 2000-жылдардын башында алар кыянаттык кылып, экологияга чоң зыян келтирип, айрым чиновниктерибизди коррупционер кылып алышкан. Ишке зыян келтирбеш үчүн мен дагы айта албайм.
Бирок мен өзүм тууралуу бардык суроолорду алып салдым жана тергөөчүлөргө эл аралык соттордо жардам бере турган бардык керектүү маалыматтарды берүүгө аракет кылдым», - деди ал.
 
Аскар Акаевдин айтымында, Кыргызстандын соттон жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору, анткени экологияга келтирилген зыян абдан чоң болгон.
 
 «Өлкө соттон утуп, «Кумтөр» элдин кызыкчылыгына жумшалат деп ишенем», - деп кошумчалады ал.
 
Мурдагы мамлекет башчы 2005-жылдын мартындагы окуяларды да эске салды.
 
«Бүгүн дүйнөлүк коомчулук 2005-жылы Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болгонун моюнга алууда. Ал окуяларды Бакиев, Атамбаев, Отунбаева жетектеген. Алар кезек-кезеги менен президент болуп, ар дайым менин үстүмөн кандайдыр бир ишти казууга аракет кылышты, бирок Башкы прокуратура айыптоолордун көбү чындыкка коошпогондугун моюнга алды. Атамбаевден кийин Жээнбеков бийликке келди, ал дагы менин суроомду объективдүү кароого кызыкдар болгон жок. Жалгыз Жапаров мага калыс мамиле жасады. Ал мага кылмыш иштерин жокко чыгара албасын, алардын жабылышы үчүн менин катышуусум керектигин айтты. Мен буга макул болдум. Мен Кыргызстанга кайтып келе аларымды дароо билдим. Мурунку президенттердин тушунда Кыргызстандын башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери, прокурорлор мага кайрылышкан. Анын үстүнө алар мени издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинде экенимди айтып, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу тууралуу айтышып мени коркутушкан. Мен алардын бардык сөздөрүнө көңүл бурбай, мени коркутпагыла деп айттым, анткени мени улуу Россия коргойт. Бирок кийин мамлекет башчы өзү мага телефон чалды, ал сөздү шамалга ыргытпайт», - деп комментарий берди ал.
 
Эске сала кетсек, Аскар Акаев Бишкекке 14-декабрда келген. Ал Кыргызстанга август айында да келген. Экс-президент УКМКда сурактан кийин тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн мойнуна алган. Экинчи жолу да Кумтөр иши боюнча атайын кызматка сурак берген.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter