У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акаев менен Акаеванын: элибиздин арасында жашоого кенедей да акысы жок…


Эл кокусунунан, капысынан, билбегендигинен… Аскар Акаев деген немени президент кылып шайлап, азабын аябай тартышты го?! Ошол президнет неме  бүтүндөй бир элдин азабын колуна берди: ал президент болгону кыргыз асманын кара булут тегиз каптап, кандайдыр бир кичине, кипкичине бир бүдүр жакшылык кирчү жылчык калбады… элди эл дебеди, адам менен малдын укугу тептең болду, аларды ары-бери кайрып өзүнө ыкташтырып «жайып», кайтарып турду! Эми ушу адам деген атын небак айбанга айланткан неме жөнүндө көп айттык, дале айтылар, а мен «айбандын иши айбандык да» деп туруп, анын аялы жөнүндө эми бир кайрып өтөйүн, ал жөнүндө оголе көп жазгам…
 
 Аялдардын ичинен ачкөздүгү ашкере өнүгүп  кеткен, «эки буту менен экини мыкчып, бирөөнү тумшугу менен алып, анан кармар дене мүчөсү жок калганда бир түлкүнү көз кысып чакырган   Шодокондун  баягы бүркүтүндөй» болгон бул немеде ургаачыга тиешелүү бир оң сапаты жок экендиги күйөөсү президент болуп, анан анын президенттиги эч кандай мыйзамы жок, оозеки түрүндө гана анын колуна өтүп, анан ошол аял элди оңдурбас иштердин ашкере профессионалы болуп, бүтүндөй бир куттуу элдин кутун кетирип турду го! Аскар Акаевди далай ирет карышкырга, чөөгө, түлкүгө, гиенага, эшекке…жылан менен ажыдарга салыштырып жаздык эле, аялын дале болсо, карышкырга, түлкүгө, чөөгө, гиенага, крокодилге, ажыдарга, анан азынгын айгырга, күлтүңөгөн букага, күлгө ооногон эшекке, өңүн алмаштырып турчу хамалеонго, тукуму үзүлгөн динозаврга… салыштырдык. Бул аял көзүнө көрүнгөн нерселердин баарын: кургагын, суусун, майдасын, ирдүүсүн, бүтүнүн, сыныгын, жаңысын, эскисин… нерсе  аттуунун баарын алып турду. Акча дегенден жумурай журтта бүдүр калган жок, таза шыпырды! Жерден баштап полковник деген наамга чейин сатты, кызматты болсо конвейер ыкмасы менен сатты! Эми бул журттан чыккан айбанды жаза бергенден кенедей     пайда жок. Эл катарында жок санында болсун…
 
Жок, айланайын бул эрди-катындын элибиздин арасында жашоого кенедей да акысы, укугу жок. 
 
Өткөндө Акаев абийирсиздигин айгинелеп, бетин тултуйтуп Кыргызстанга келип кеткен, «Кумтөргө» байланыштуу сурак беримиш этип… Эми дагы келиптир, сурак берет экен, же суралымыш этеби, билбейбиз. Бир нерсе гана анык: ал эптеп элдин арасына келип жашагысы келет. Атасынын башы дейли! Мындай айбандыктын эң жогорку деңгээлине жеткен немени эл батырбас?! Анын кылып кеткен айбандык  иштери эч качан, эч жерде кечирилгис эмеспи! Эгерде ошончо эле Кыргызстанда жашагысы келсе, анда өмүр бою түмөдө олтурушу керек!
 
Акаев менен ортоктош болгон Апас  Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Феликс Кулов, Чолпон Баекова, Кубанычбек Жумалиев, Осмонакун Ибраимов, Бекболот Талгарбеков… сыктуу жүздөгөн коррупционерлердин эл алдында жооп берчү убагы да келди көрүнөт… «ии» дейли…
 
Баратбай Аракеев    
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter