У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдө Жетигеновду камактан бошотуу талабы коюлду


Чүй облусунун Сайлык айылынын жүздөгөн тургундары камактагы депутат Бакыт Жетигеновдун маселесин парламентте карап, абактан бошотууну талап кылышып 12-декабрда нааразылык акциясына чыгышты. Талаптары аткарылбаса, акцияны Бишкекте улантарын билдиришти.

Эске сала кетсек, УКМК депутат Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген кармаган.  Башкы прокуратура 24-29-ноябрда камакатагы Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. Убактылуу депутаттык комиссия үч депутатты жоопко тартууга уруксаат берген эмес.

Натыйжада, Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков абактан бошотулуп, Жетигеновду бошотуу маселеси корутунду даяр эмес деген шылтоо менен артка жылдырылган. Эми бул маселени парламент 15-декабрдагы отурумунда караганы турат.

Мындай өӊ карама, тандалма саясатка Бакыт Жетигеновдун тарапташтары мыйзам чегинде баарына бирдей мамиле болбой жатканына нааразы болушуп, ак-көк деп бөлүп-жарбай, акыйкат чечим чыгарып, абактан бошотуу талабын коюшту.

Ырасында, коррупцияга шектелген депутаттарды бошотуп, мамлекеттин бир мыгын албаган, элге, өлкөгө кылдай зыян келтирбеген Жетигеновдун ишин өзүнчө бөлүп, абакта калтырып коюу адилетсиздик болгону коомчулукта кызуу талкууланууда.

Чындыгында, Жетигеновго коюлуп жаткан айып күлкү келээрлик. Азыр каалаган ишти техниканын жардамы аркылуу жасап, жалаа жаап, камап койсо болот. Анын үстүнө жөн гана сөз үчүн камоо акылга сыйбайт. Кылмыштын курамы болуш үчүн кандайдыр бир аракет болуш керек. Андай нерсе жок.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter