У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кумтөр иши. Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков абактан бошотулду


 Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын карап, аларды абактан бошотуу чечимин кабыл алды. 
 
Эске салсак, Кумтөр иши боюнча Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров айыпталууда. Алар 2021-жылдын июнь айында кармалган. Буга чейин парламентке Башкы прокурор Курманкул Зулушевден Жогорку Кеңешке депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча сунуш түшкөн. Бирок парламент бул сунушту четке каккан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter