У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жарандын үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти


Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жарандын үй-бүлөсү Исмаил айылынан көчүп кетишти. Бул тууралуу айыл тургундары билдирди. 
 
Айыл тургундарынын айтканына караганда, үй-бүлө 8-декабрда айылдан көчүп кетишкен. Алардын бара турган жери жок болгондуктан алар азырынча Күн-Туу айылындагы батирлердин бирине жайгашкан. Бирок ал жерде да айыл тургундары алардын көчүп келишине каршы болуп жатканы айтылды. 
 
«Үй-бүлө бул жерде көп убакыттан бери жашап келет. Шектүүнүн үйүндө атасы, апасы, иниси, анын жубайы жана 3 кичинекей баласы бар. Алар үйүн сатыкка коюшат. Үйү сатылгандан кийин алар башка жактан үй алышат го»,-деп билдиришти айылдын жашоочулары. 
 
Эске салсак, 16 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде нааразычылыктар болуп, милиция кызматкерлеринин ишине ичи чыкпаган Исмаил айылынын тургундары шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Үй-бүлөгө көчүрүү үчүн үч күн убакыт берилди. Мындай чечимди айыл аймактын аксакалдар соту чыгарган.
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter