У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Күлчоро жолунда- Рыскелди Момбеков...


Кээде туруп эле кыргызымдын мыкты жигиттери жөнүндө жазгым келет да. Бул бир катар журналисттердин, жазуучулардын "оорусу" экен, көп уктум. Азыр эми ошонум кармап ини досум, кыргыздын мыкты уулу Рыскелди Момбеков жөнүндө айтып турганым, баарын айтпадым, азын айттым.
 
Рыскелдини Замиранын "Республика" гезитинде иштей баштагандан билдим. А кезде биз да "кутуруп" "Асабанын" атын чыгарып, анын негиздөөчүсү маркум Мелис Эшимканов, Шайлоо Дүйшеев, Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Төлөгөн Карыкеев, Мамат Сабыров, Кубан Оторбаев дагы бир катар журналисттер бүтүндөй бир мамлекетти "жүдөтүп" турган элек. Ошондо ойлоп койгом, ушул бала, Рыскелдини айтканым, бизге келсе жакшы болмок деп. Анын анализдүү да, курч да макалаларына кызыгым артып ошенткем да. Бирок, ал келген жок, биз тараптан да, ал тараптан да аракет болгон жок. Жылдар өттү, сезимдер калды…
 
Анан аз өтүп эле бир күнү Рыскелди Момбеков деген журналисттин аты жакшы чыкты, жазгандары курч, негиздүү, анан да чындыктан тайбаган жолу бар экени дааналанды. Ал балага ого бетер кызыктык. Бир нерсеге же бирөөнө кызыксаӊ казып, аӊтарып-теӊтерип иет эмеспизби, биз дагы ошенттик, кийин чогуу иштештик. Ошондо Рыскелдинин момундай бир сүрөтү тартылды: бу бала ак көӊүл, ак көӊүл деген маани – адамгерчиликтин болгон-толгон учуру, көмөкөйүнө келе калган кепти айтпай калбаган өткүр, калпты түшүндө көрүп, баскан жолунда чындыктын чыйыры менен жүргөн, эӊ негизгиси-кабыландай качырчу мүнөзү бар жигит, маселени шарт чечет, бирөөнү бирөө согуп же сөгүп-сагып кордоп жатканын көрсө, соккон немеге жетип барып жаткыра согот. Баарынан да ушул мүнөзү жагат да! Ооба, мен оголе көп мыкты сыпаттаманы берип салгандай болдум окшойт. Бирок, анын жигиттигин жерине жеткире айта алган жокмун, ал оголе узун кеп болуп чубалар… Айттым го, Рыскелди менен иштешип калдым, анын бүт мүнөзү мага жат. Мен Рыскелдини кадимки эле Семетейдин жигити Күлчорого теӊейм. Эмнегедир "Манастагы" бардык баатырлардын ичинен Күлчорону жакшы көрөм жигиттин өзү деп. Рыскелди жөнүндө Күлчоронун жигиттик маанисине такап туруп кийин айтам дедим.

Баратбай Аракеев


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter