У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шаршенбек Абдыкеримов үч ыр үчүн ырчыга 2, 5 млн. сом төлөгөн


№33 бир мандаттуу Нарын шайлоо округуна депутаттыкка талапкер Шаршенбек Абдыкеримов «АКИpress» агенттигине ырчыга мекен тууралуу ырларды аткарганы үчүн 2,5 миллион сом төлөгөнүн айтып берди.
 
Агенттиктин журналисти: «Шаршенбек Шайлообекович. Сиз Кыргызстандагы бай адамдардын бирисиз. Биздин билишибизче, байлар юбилейлерине, иш-чараларына чет өлкөдөн артисттерди чоң гонорарга чакырышат. Сиздин практикаңызда ушундай болгонбу?»,-деген суроону берген. 
 
«Жумуш боюнча чет өлкөгө көп чыгам. Бирок жайкысын мен салтымды өзгөртпөйм – Ысык-Көлдө эс алам. Анан бир жолу ушундай эс алууда ырчы Токону (Токтобек Асаналиев) чакырайын деп чечтим. Мен аны чакырдым. Ал Нарында болчу. Мен ага: «Эки сааттын ичинде Нарындан келип, Ат-Башы, Нарын жөнүндө үч ыр ырды ырдасаӊ, мен сага 2,5 миллион сом берем дедим. Ал макул болду. Ал акча үчүн келдиби же мени сыйлап келдиби, азыркыга чейин билбейм. Бирок бир саат 55 мүнөттө Нарындан Ысык-Көлгө жетип, үч ыр ырдады. Мен өз кезегинде убадамды аткарып, 2,5 миллион сом төлөп бердим»,-деп жооп берген ал. 
 
Ошондой эле Шаршенбек Абдыкеримов өз жеринин патриоту экенин, мекен жөнүндө ырлар баасыз экенин, эгер ырчы соодалашса, бааны 4 миллион сомго чейин көтөрмөк болгонун кошумчалаган. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter