У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лейлекте нааразылык акциясына чыккандар жолду ачышты


Ош-Баткен-Исфана унаа жолу ачылды, унаа кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы 6-августта билдирди. 
 
Жол тоскондор менен жолугушууга президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев жана аймактык коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү келген. Өзгөрүш айылынын тургундарынын негизги талабы 4 -августка караган түнү Алмалуу тоолорунда болгон окуялардан кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген жарандарды бошотуу.
 
Ыйгарым укуктуу өкүл бул факт боюнча текшерүү жүрүп жатканын жана маселе мыйзамдуу түрдө чечилерин билдирди.
 
Эске салсак, 3-август күнү Лейлек районунун Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылында жергиликтүү тургундар Алмалуу тоосундагы алтын кенин иштетүүгө лицензиясы бар “Апрельское АZI” ишкананын ишмердүүлүгүнө каршы нааразылыкка чыгышкан. Алар компаниядан техникаларын алып кетүүнү талап кылышкан. Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, нааразылык учурунда аталган ишкананын техникаларын талкалап, кызматкерлерин ур токмокко алышкан. Жаракат алган төрт адам ооруканага кайрылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter