У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айсулуу Тыныбекова: Азыр ичимде эмоциялар кайнап, ыйлагым келип турат...


 Токиодогу Олимпиадада күмүш медал уткан балбан Айсулуу Тыныбекова "Фейсбук" аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
 
«Кадырлуу кыргыз элим!
Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам!
Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат...
Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык!
Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз.
Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм! Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга!
Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!»,-деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter