У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынат


 Эгерде мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, ал дароо камакка алынат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.
 
"Курманбек Бакиев эгер Кыргызстанга өзү келсе же укук коргоо органдары тарабынан алып келинсе, ал 2016-жылы 29-июлда чыккан соттун өкүмүнүн негизинде дароо камалат. Ага 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштын эпизоддору боюнча 30 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган", — деп айтылат маалыматта.
 
2-августта экс-президент Аскар Акаев жогорудагы кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө амалдарын жүргүзүү жана укук коргоо органдарында болгон башка маселелерди тактоо үчүн Бишкекке келген. Ал тергөө менен активдүү кызматташууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter