Бүгүн Аскар Акаев Кыргызстанга келип, УКМКда сурак берип жатат
- 02.08.2021, 21:41,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөө алкагында 2-августта Бишкекке жеткирилип, ишти тергеп жаткан мекеме аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 2-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
"Акаев 2-августта Бишкекке алып келинип, ведомстволор аралык тергөө тобуна берилди", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаев дагы бар экенин айткан.
Аскар Акаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинде Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл болгон тергөө амалдарына катышып жатат.