У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 18 жаштагы кош бойлуу келин каза болду


 Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 18 жаштагы кош бойлуу келин каза болду. Маркумдун жакындары окуя үчүн медицина кызматкерлерин күнөөлөшкөн.
 
Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, факты КЖБРине катталып, териштирүү иштери башталды. Дарыгерлер жана медайымдар суракка алынууда.
 
Жабырлануучулардын өздөрү азырынча милицияга арыз менен кайрыла элек.
 
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова бул окуя боюнча төрөт үйүндө чогулуш өтүп жатканын айтты.
 
Алдын ала маалыматтар боюнча, төрөт учурунда  каза болгон 2003 -жылы туулган келин Караколдогу төрөт үйүнө Түп районунан келген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter