«Дөө» каймана аты менен таанымал болгон Чыңгыз Жумагулов абактан бошотулду
- 12.07.2021, 12:54,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
"Дөө" каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагулов жазасын өтөп бүткөнүнө байланыштуу камактан бошотулган. Муну 12-июлда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы маалымат каражаттарына ырастады.
Буга чейин Жумагулов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгү ("Бейбаштык") менен күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.
Башка айыпталуучулар Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеев 13 жылга эркинен ажыратылып, 190 миӊ сом айыппул салынган.
Жумагулов жана анын эки шериги - Тентиев менен Айдакеев 2019-жылы апрель айында кармалган. Алар оор абалда ооруканага түшкөн эки кишинин өлүмүнө айыпталып кармалган.