Түркиянын коронавируска каршы вакцинасы Кыргызстанда да сыноодон өткөрүлөт
- 24.06.2021, 14:18,
- Башкы / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Түркия мамлекетти өндүргөн “Turcovac” вакцинасын изилдөөнүн үчүнчү этабы Кыргызстанда да өтөт. Бул тууралуу Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, вакцинаны сындоодон өткөрүүгө 40 миң 800 ыктыярчы катышат. Изилдөө Венгрияда, Азербайжанда жана Кыргызстанда жүргүзүлөт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, Эржийес университети жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан Turcovac вакцинасын сыноонун үчүнчү этабы 22-июнда Түркияда башталды.
Учурда Түркияда Pfizer / Biontech жана Sinovac вакциналарын колдонуп келет. Түркияда буга чейин 15 миллиондой адам эмдөөдөн өткөн.