Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында учурдагы илдетке байланыштуу абалды талкуулап, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди сынга алды.
Фабула ТВ
00:00
00:00
Update Required To play the media you will need to either update your browser to a recent version
Президент өз сөзүндө лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө өз маалында даярдык болбогондугу, лабораториялардын медициналык техникалар менен жетиштүү жабдылбагандыгы жана тестирлөөгө керектөөчү материалдардын запасы жетишсиз даярдалгандыгын баса белгиледи.
Бул тууралуу: «Январда сиз биздин лабораториялар даяр деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүүсү зарыл болчу», — деп айтып, премьер-министр Абылгазиевден шалаакылык кылган жетекчилерге чара көрүүнү тапшырды.