У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарында “Лимонти” аттуу кримтөбөл Сулаймановду өлтүрүп кетишти...

Нарын шаарында "Лимонти" деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Маалыматта, 28-март күнү Алмаз Сулайманов Нарын шаарынын борборунан саат 13:15 чамасында өлтүрүлгөн. Учурда шектүү кармалып, камакка алынды.
Кaktus.media басылмасы милициядагы булактарына таянып, “Лимонтини” 2000-жылдары өлтүрүлгөн Имаш аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнүн жакыны өлтүргөнүн жазды. Шектүү сөөктү машинеге салып милицияга өзү келген. Басылманын маалыматында, ал маркумду бычак менен моюнга сайган.

Сулайманов 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал бир нече кылмыштарга шек саналып соттолгон. Кийин жатак абакка которулганы кабарланган.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter