Чек ара чыры: Атышуу Лейлекте да башталды
- 29.04.2021, 19:22,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткендин Лейлек районунда да кыргыз жана тажик чек арачыларынын атышуусу башталды. Бул тууралуу 29-апрелде саат 18:50дө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.
Анын айтымында, атышуу Кулунду жана Максат айылдарында жүрүп жатат.
Бир аз мурдараак Баткен районунун Көк-Таш жана Самаркандек айылдарынын үстүндө Тажикстандын тик учактары байкалган.
Булак: Азаттык.