У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садык Шер-Нияз Францияга, Алмаз Бейшеналиев Белгияга элчи, Максат Мамытканов министр болобу?


Жакында бир катар кадрык дайындоолор орун алганы турат. Алсак, Билим берүү министри Алмаз Бейшанлиев Европага Белгияга элчиликке кеткени жатат. Мындай кызматтык которулуусуна Түркиянын Алмаз Бейшеналиевди Гүленчи катары кысым көрсөтүүсү себеп болгону айтылууда.

Ошондой эле, Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Францияда жаңы ачылган элчигине кетип жатыптыр. Сыягы, президенттик шайлоодо пралементтик башкарууну коргоп күпүлдөп чыгып, анан эле прпезиденттик башкарууну жактаган Садыр Жапаровду колдоп кеткенде эле, соодалашуу болгону айтылды эле. Көрсө, чындыгы бар окшойт. Мына өлкөбүздө эмне деген шумдуктар болуп жатат, бир жолу ооз ачып койгонго жараган жок. Демек, элчилик кызматтан көзү өтүп, тилин тишине басып отурган тура.

Үчүнчү дагы бир дайындоо «Чоң казат» партиясынын лидерлеринин бири Максат Мамыткановго байланыштуу экен. Ал  ЕАЭБдеги Кыргызстандын атынан министр болуп турган  Арзыбек Кожошевдин ордуна министр болуп барат. Сыягы, «Чоң казаттын» дагы бир лидери Сыймык Жапыкеевди «Ысык-Көл» облусунун прокурору кызматынан алып жаткандыктан, экөө биригип митинг-пикет башташпасын дешип, бирине кызмат берип сооротуп жатышкан өңдөнөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter